КР ЭКМде кризиске каршы чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өттү

Новости
11-Март 2022-ж.
1795

2022-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кризиске каршы чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.


Министр Данияр Амангелдиев өлкөдөгү жана дүйнөдөгү учурдагы экономикалык абал тууралуу маалымат берди.


Ал белгилегендей, өлкө жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык, кризиске каршы чаралардын комплекси иштелип чыгып, экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында бизнес-ассоциацияларга сунушталды.


Региондогу жана дүйнөдөгү учурдагы экономикалык кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүүдө, ошондой эле антикризистик планга киргизүү боюнча сунуштар иштелип жатат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен да акча-кредит саясаты боюнча консультациялар жүргүзүлгөн.


Министр ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн тобокелдиктерди азайтуу максатында кредиттик портфелдин бир бөлүгүн конвертациялоо пландалып жатканын баса белгиледи.


Товарлардын негизги түрлөрү боюнча тартыштыкты жоюу максатында өлкөнүн ички рыногун товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылууга багытталган бир катар кыска мөөнөттүү чаралар иштелип чыккан. 


План ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча бир катар иш-чараларды, альтернативдик жеткирүү жолдорун издөөнү, камсыздоо маселелери боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана кырдаалды турукташтырууга багытталган бир катар бюджеттик жана финансылык чараларды камтыйт.


Министрлер кабинетинин төрагасы жакынкы айларда бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын, ошондой эле айрым социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн жогорулатуу күтүлүп жатканын, бул бюджеттин чыгашаларын көбөйтүүнү талап кылаарын белгиледи. Ал Экономика жана коммерция министрлигине кризиске каршы чараларды талдоо жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.


Отурумдун жыйынтыгында А.Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде экономикадагы өзгөчө абал жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле жарандыкты алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби - «алтын паспорт» жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу да бар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу