КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Бишкек” ЭЭАсында көчмө жыйын өткөрдү

Новости
14-Март 2022-ж.
2044

2022-жылдын 12-мартында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Мамлекеттик салык кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, ЭЭА Инвесторлор Ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өндүрүүчүлөр туш болгон көйгөйлөрдү талкуулаган Бишкек ЭЭАнын Башкы дирекциясында жумушчу жыйын болуп өттү. 

Министр ишканаларды текшерип, Бишкек ЭЭАдагы абал тууралуу маалымат алды.

Жолугушууда белгиленгендей, өлкө жетекчилигинин тапшырмаларына ылайык, ЭЭА субъектилеринин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп, жакынкы аралыкта эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгып, кабыл алынмакчы.

Ошондой эле, «Бишкек» ЭЭЗинин Башкы дирекциясынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү туруктуу негизде мониторингге алынат.

Муну менен катар бизнес өкүлдөрү “Эркин экономикалык зоналар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

Министр Бишкек ЭЭАнын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле менеджментти жакшыртуу зарылдыгын белгилеп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу