КР ЭКМги кризиске каршы иш-чараларды бизнес менен биргеликте иштеп чыгууда

Новости
12-Март 2022-ж.
2005

2022-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда учурдагы экономикалык абалды жана кризиске каршы иш-чараларды талкуулады, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.


Министрдин айтымында, ведомство өлкөдөгү экономикалык абалды турукташтыруу үчүн мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүүнү көздөп жатат.


«Министрлер кабинети экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүн колдоо боюнча кыска мөөнөттүү мамлекеттик программалардын төрт пакетин ишке ашырды.


Украинанын айланасындагы кырдаалга байланыштуу кесепеттерди эске алуу менен, терс кесепеттерди минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кризиске каршы планы иштелип чыгууда.


Учурдагы кырдаал мамлекет үчүн дагы, бизнес үчүн дагы тобокелчиликтерди жаратат. Ошондуктан, биз кризистин алдын алуу боюнча практикалык чараларды биргелешип иштеп чыгабыз, анткени бизнес жер-жерлерде абалды жакшы билет», - деди министр.


Жыйында доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу бизнести жана банк системасын колдоо, сомдук депозиттердин сыртка чыгып кетишине жол бербөө маселеси да талкууланды.


Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү Орусия менен тышкы соода операцияларына коюлган чектөөлөргө, аба каттамдарынын токтотулушуна тынчсыздануусун билдиришти. 

Альтернативалык жолдорду иштеп чыгуу жана жалпысынан транспорттук логистика маселелери тууралуу айтылды. Ишкерлер Евразиялык экономикалык биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунушташты.


Россиядан жана Украинадан маанилүү товарларды, биринчи кезекте, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын жеткирүүдөгү тартыштыкты толтуруу маселеси талкуунун маанилүү бөлүгү болду.


Талкуунун жыйынтыгында министрлик менен бизнестин биргелешкен антикризистик иш-аракеттеринин программасы түзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу