Семинардын катышуучулары адал продукциянын сапатын көзөмөлдөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты

Новости
10-Март 2022-ж.
2072


2022-жылдын 9-мартында халал индустриясы тармагында кадрдык потенциалды жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кэй Скиллс» ЖЧКсынын директору С.Абакиров жана Адам университетинин атынан «Торо», «Адал Азык» (Тойбосс) этти кайра иштетүүчү ОсОО ишканаларына семинар уюштурулду.


Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленген компаниялардын өкүлдөрү катышуучуларды өндүрүш циклинин процесси менен тааныштырып, алардын практикалык тажрыйбасы жана сертификатталган халал продукциясын өндүрүү боюнча билими менен бөлүшүштү.


Катышуучулар ошондой эле брендди алдыга жылдыруу үчүн маркетинг стратегиясын түзүү, халал продукциянын сапатын көзөмөлдөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.


Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун маалыматы боюнча, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, халал продукциясын же кызмат көрсөтүүнү сатуучу (даярдоочу)) тиешелүү ыктыярдуу(кызмат көрсөтүү күбөлүгү жок товарга ыктыярдуу сертификациялык маркалоону колдонууга укугу жок. 


Эске салсак, КР Президентинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында адал айыл чарба продукциясын өнүктүрүү милдети каралган.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү Концепциясы Халал индустриясы чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу, ошондой эле эт кластерин түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу