Министрдин орун басары К.Абдрахманов кытайлык Zijin Mining компаниясынын делегациясы менен жолугушту

Новости
04-Март 2022-ж.
1822

2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов кытайлык Zijin Mining компаниясынын делегациясы, «Алтынкен» ЖЧКсы жана «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги менен жолугушту.


Жолугушууда жер казынасын пайдалануу жаатындагы инвестициялык долбоорлор боюнча ата мекендик компаниялар менен Zijin Mining Corporation ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болуучу келечектүү багыттары талкууланды.


Zijin Mining Corporation алтын, цинк жана күмүш рудасын өндүрүү боюнча кытайлык тоо-кен казып алуу боюнча алдыңкы үч компаниянын бири. Superb pacific limited, Zijin Mining компаниясынын туунду компаниясы болуп, "Алтынкен" ЖЧКсынын 60% акциясына ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу