КР Экономика жана коммерция министрлигинде Бишкектеги көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү боюнча долбоорун кабыл алуу актына кол коюлду

Новости
04-Март 2022-ж.
1962


2022-жылдын 4-мартында КР Экономика жана коммерция министрлигинде министр Д.Амангелдиев, КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айым жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болуп өттү. 


Бул жолугушуунун алкагында “Бишкек жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун биринчи фазасын кабыл алуу актына кол коюу аземи болуп өттү. Бул документке кыргыз тараптан - Бишкек мэри жана кытай тараптан – КЭР элчиси кол коюшту. Долбоордун алкагында 49 көчө, алты көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулду.


КЭРдин элчиси долбоордун биринчи фазасынын ийгиликтүү аякташын айтып, жемиштүү натыйжаларга жетүү жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.  


Өз кезегинде кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө жана элчи ДуДэвэн айымга, шаардын инфраструктурасын, сырткы көрүнүшүн жакшыртууга кошкон баа жеткис салымына ыраазычылыктарын билдирди.


Долбоор үч фаза менен ишкен ашат. Азыркы учурда “Бишкек шаарынын көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырып жатат.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык кызматташуунун, атап айтканда, Кыргыз Республикасында башка гранттык долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык климат жана авиакаттамдарды калыбына келтирүү   маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ой-тилектерин билдиришти.


Маалымат катары:

2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Кытай менен болгон соода жүгүртүүсү 4,4%га кыскарган. импорт – 2,4%, экспорт – 34,3%.2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын Кытай менен соода жүгүртүүсү 2,0 эсеге көбөйүп, 1527,9 млн. долларды түзгөн. импорт – 1463,8 млн доллар. (дээрлик 2,0 эсеге өсүү), экспорт 64,1 млн долларды түздү жана 48,4%га өстү. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу