КР аймагында дем берүүчү лотереяны өткөрүүгө уруксат берүүчү документтерди тариздөө тартибине финансылык көзөмөл

Новости
09-Март 2022-ж.
2074

Финнадзор бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында кызыктыруучу лотереяны өткөрүүнү пландап жаткан ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынын аймагында кызыктыруучу лотерея өткөрүү укугуна уруксат алуу үчүн Финнадзорго алдын ала тиешелүү документтердин пакетин даярдап, тапшырышы керек экендигин билдирет. 

Кызыктыруучу лотерея – кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан жарнамалык максаттарда же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну стимулдаштыруу максатында өткөрүүчү лотерея. Ошол эле учурда катышуу үчүн атайын билет сатып алуу же кошумча төлөм талап кылынбайт.

Ишкердик субъекттери кызыктыруучу лотереяны өткөрүү укугуна уруксат алуу үчүн төмөнкү документтерди беришет:

- билдирүү;

- юридикалык жакты же жеке ишкердикти мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;

- документтерди кароо жана уруксат берүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (юридикалык жактар үчүн 300 сом жана жеке ишкерлер үчүн 100 сом);

- лотереяны өткөрүүнүн шарттары .

Финансылык көзөмөл органы талаптарга жооп берген документтердин пакетин өз убагында тапшыруу зарылдыгына көңүл бурат жана аларды тез арада карап чыгуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн билдирет.

«Лотереялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пайда алуу үчүн (кесиптик) лотереяны өткөрүүгө Мамлекеттик лотерея компаниясы гана укуктуу экенин билүү маанилүү (лотерея билеттери лотереяны уюштуруучу тарабынан акчага сатылганда). Башка адамдардын мындай лотереяны өткөрүүгө укугу жок.

Маалыматтарды жана консультацияларды Финансылык көзөмөл органынан жана ККБдан (№39 жана 40-уячалар) чалып, электрондук почтага жазуу же социалдык тармактардагы почта же мессенджерлер аркылуу ала аласыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу