КР ЭКМде Чүй каналын айланып өтүүчү курулуш долбоорун ишке ашырууну талкуулады Жаңылыктар, 03-март 2022-жыл

Новости
03-Март 2022-ж.
2203


2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юэ менен жолугушту. Министр Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КЭР Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылана турган «Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) куруу» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.


Бул долбоор буга чейин эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда талкууланган. 


Д.Амангелдиев бул долбоордун маанилүүлүгүн жана ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгиледи.


Ли Юэ Кытай тарап «Айланма Чүй каналын (АЧК-2) куруу» долбоорун илгерилетүүгө көмөктөшөрүн билдирди.


Министр кеңешчиге Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу маалымат берди.


Тараптар ошондой эле кытайлык инвесторлор жана Кыргыз Республикасындагы электрондук коммерция боюнча маселелерди талкуулашты.


Кеңешчи Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргыз Республикасында иштеп жаткан кытайлык ишканаларга көрсөткөн жардамына оң баа берди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу