Экономика министрлигинде КРӨ менен ЧРӨ ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салууга карата салык төлөөдөн баш тартууну алдын алуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн III раунду болуп өттү.

Новости
12-Февраль 2014-ж.
2448

2014-жылдын 10-12-февралдарында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чехия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык салууга карата салык төлөөдөн баш тартууну алдын алуу жөнүндө Макулдашуунун үчүнчү раунду болуп өттү.

Үч күндүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап Макулдашуунун баардык беренелерине толук макулдугун беришти. Макулдашуу мамлекеттин ички процедураларын аткаргандан кийин кол коюуга даяр болот.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасы жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу келишимдерди орнотуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат, ал иштер кирешелердин жана капиталдын кандайдыр бир түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитүү жолу менен өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты болуп ар кайсы өлкөлөрдө ошол эле салык менен чарба субьекттердин кирешелерине жана капиталдарына кош салык салууну четтетүү саналат.

Кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары да каралаарын белгилей кетүү керек.

"IMG

"IMG

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу