Коомдук тамактануу кызматын көрсөтүүчү субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары жөнүндө

Новости
02-Март 2022-ж.
2327

2022-жылдын 1-мартында Экономика жана коммерциялык министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү менен коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн субъекттер үчүн Бирдиктүү салыктын ставкалары маселеси боюнча жыйын өттү.


Жыйынга «Хорека клубу» ассоциациясынын, коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациялары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


Коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү рентабелдүүлүктүн аздыгына байланыштуу бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүү зарылдыгы боюнча өз позициясын айтышты. Ошондой эле, жалпы салык режими чөйрөсүндө кошумча нарк салыгын эсепке алуу системасы жок болгондуктан, жеткиликтүү эместигин белгилешти.


Ошондой эле, мамлекеттик органдардын (монополияга каршы жөнгө салуу органы жана салык кызматы) өкүлдөрү тарабынан белгиленген салык ставкасынын сарамжалдуулугу, баа түзүү жана коомдук тамактануу тармагынын кирешелүүлүгү боюнча негиздемелер жана эсептөөлөр көрсөтүлдү.


Отурумдун жыйынтыгы менен министр Д.Амангелдиев салык жүгүн адилеттүү аныктоо жана коомдук тамактануу тармагын өнүктүрүүгө дем берүү үчүн дыкат иликтөө жана туура чечим чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу