Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин жаңы орун басарлары тааныштырылды

Новости
02-Март 2022-ж.
2461

Бүгүн, 2022-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басарларын тааныштырды.


“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Усенбекова Айнура Доктурбековна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалсын.


«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалсын”.


Тиешелүү буйруктарга 2022-жылдын 1-мартындагы № 173, 174 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, «Министрликтин көптөгөн кызматкерлери Айнура Үсөнбекованы мурунку иштеринен жакшы билишет. Тажрыйбасы жана билими жетиштүү, көптөгөн мамлекеттик органдарда иштеген, Экономика министрлигинде лицензиялык-уруксат берүү ишмердүүлүгүн жөнгө салуу бөлүмүнүн жана ЖТБнын, ишкерликти жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Президенттик аппараттын бөлүм башчысы болгон - стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы.


Искендер Асылкулов дагы көп жылдар бою Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика жана Каржы министрлигинин алдындагы ар кандай түзүмдөрүндө иштеген. Анын бир топ тажрыйбасы жана ыйгарым укуктары бар», - деген А.Кожошев министрдин жаңы орун басарларына  мындан аркы ийгиликтерди каалады.


Ал ошондой эле министрликтин алдында турган амбициялуу милдеттерди, анын ичинде кризиске каршы планды жана туруктуу экономикалык өсүш программасын иштеп чыгууну сунуштады. «Экономика министрлигинде квалификациялуу адистер ар дайым болгон жана силер дагы бир жолу өзүңөрдүн дараметиңерди көрсөтүп, алдыда турган бардык милдеттерди натыйжалуу чечесиңер», - деп КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев өз сөзүндө белгиледи. 


Министрдин жаңы орун басарларынын резюмелери тиркелет.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу