Корея тарап айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагындагы долбоорлорду алдыга жылдырууга көмөктөшүүгө даяр

Новости
02-Март 2022-ж.
2341

2022-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонжае мырзанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки тараптуу мамилелердин келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.


Корея тарап айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагындагы долбоорлорду алдыга жылдырууга көмөктөшүүгө даяр.


КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангшелдиев белгилегендей, Корея Республикасы мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери 30 жыл аралыгында Корея Эл аралык кызматташтык   (KOICA) агенттиги жана биргелешкен долбоорлор аркылуу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу колдоо көрсөтүп келет.


Жолугушуунун жүрүшүндө корей тарап министрлик тарабынан сунуштала турган жаңы долбоорлорду, анын ичинде айыл чарба, транспорт жана энергетика тармагында алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.


Тараптар 2021-жылдан бери Кыргыз Республикасы Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн тизмесине киргендигин эске алуу менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу