Министрдин орун басары К.Абдрахманов Жидда шаарында ИӨБ президенти менен жолугушууга катышты

Новости
01-Март 2022-ж.
1943

Сауд Аравия Королдугуна (САК) болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеген делегациянын курамында 2022-жылдын 1-мартында Жидда шаарындагы (САК) ИӨБ штаб-квартирасында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жасир менен жолугушууга катышты.


Бул жолугушуунун алкагында учурдагы ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча жалпы маселелер, ошондой эле мониторингди координациялоону күчөтүү жана алардын натыйжалуулугун баалоо талкууланды. Ар түрдүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында жаңы долбоорлорду жана АКТны андан ары каржылоо боюнча сунуштарды, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын Бишкек шаарындагы кеңсе ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн Араб координациялык тобунун (АКТ) 4-жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды. 


Ошону менен бирге САК Инвестициялар Министрлиги, САК Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги, САК Соода министрлиги, Сауд өнүктүрүү фонду жана САК Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясы менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде биргелешкен кыргыз-сауд кызматташтык комитетинин (АКК) ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу сооданын деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү маселелерин талкуулашты.


Тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана өткөрүлгөн жолугушуулардын жана иш-чаралардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу боюнча тийиштүү Жол картасын иштеп чыгууга, Ишкер кеңешти түзүү, эки тараптуу жолугушууларды, МККнын кезектеги жыйынынын өткөрүүгө ишеним билдиришти. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу