Министр Д.Амангелдиев Монголиянын элчиси менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча макулдашты

Новости
01-Март 2022-ж.
2254

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содн мырза менен жолугушту.


Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу сооданын деңгээли 2021-жылы 1 миллион 760 миң АКШ долларды түзгөн учурдагы потенциалга жооп бербей турганын белгилешти.


Тараптар 2019-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында акыркы, үчүнчү отуруму болуп өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү маселесин талкуулашты.


Тараптар ошондой эле КНСти кайтаруу боюнча Монголиянын алдыңкы тажрыйбасын изилдөө жана накталай акча түшүүлөрү боюнча кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү үчүн Монголияга кыргызстандык эксперттерди жөнөтүү жаатында кызматташууну түзүү жана улантуу маселесин сүйлөшүштү.


Ошону менен бирге саламаттыкты сактоо, маданият, туризм жана ишкердик тармактарында кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.


Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда туруктуу аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды.


Тактап айтканда, элчи Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы 2022-жылдын 6-мартынан тарта Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор багыты боюнча аба каттамын ачууну пландап жатканын билдирди.


Ошондой эле жолугушууда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана консервациялоо, жеңил өнөр жай тармагында кызматташууну жолго коюу, инвестиция тартуу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча сунуштар айтылды.


Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча макулдашышты, ошондой эле кыргыз-монгол мамилелери мындан ары да прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу