КР ЭКМги бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушууда Кризиске каршы чаралардын планынын долбоорун талкуулады

Новости
01-Март 2022-ж.
2140

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана КР Финансы министри Алмаз Бакетаев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушууда алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнүн кесепеттерин минималдаштыруу, валюта рыногунда алып-сатарлык операцияларга жол бербөө, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө баалардын кескин жогорулашына жол бербөө жана үстүбүздөгү жылдын экономикасынын өсүү темптерин сактоо жана Кризиске каршы чаралар планынын долбоорун талкуулады.


Жыйындын жүрүшүндө бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Россия Федерациясынын ири банктарына жаңыдан киргизилген санкциялардан улам чет элдик өнөктөштөрүнө чет элдик валютадагы каражаттарды которууда кыйынчылыктар жаралганын белгилешти. Валюта курсунун туруксуздугу да маанилүү роль ойнойт, бул башка бизнес өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү татаалдантат.


Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, антикризистик чаралардын комплекси биринчи кезекте ишкерлерге жеңилдетилген каржылоону кароону, валюталык интервенция аркылуу сомдун курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартууну камтыйт.


Чет элдик валютада насыя алган юридикалык жактарга да жардам көрсөтүлөт.


Негизги керектелүүчү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында ири өндүрүүчүлөрдүн бааларына туруктуу мониторинг жүргүзүү, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын мамлекеттик материалдык резервдерин зарыл болгон көлөмдө толуктоо жана сактоо улантылат.


Жалпысынан Пландын алдын ала долбоору бизнес коомчулугу тарабынан жактырылды жана бул жумушчу жолугушууда келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен жакынкы аралыкта такталып бүтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу