Быйыл Экономика жана коммерция министрлиги тармактарда инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча ишти улантат.

Новости
26-Февраль 2022-ж.
2326

Үстүбүздөгү жылы Экономика жана коммерция министрлигинин ишмердүүлүгү ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды андан ары кеңейтүүгө багытталат, тармактарда инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу министр Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда маалымат жыйынында 2022-жылга карата милдеттерди белгилеп жатып билдирди.

Тактап айтканда, ал бизнести колдоо үчүн «Өнүгүү үчүн капитал» бизнести жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгаарын, ошондой эле өзбек-кыргыз жана венгер-кыргыз өнүктүрүү фонддорунун иши жанданаарын белгиледи.

Жеңилдетилген шарттарда “жашыл” долбоорлорду каржылоо максатында “жашыл” каржылоо инструменттерин киргизүү, атап айтканда “Жашыл” финансылык корпорацияны түзүү боюнча иштер улантылат.

Салыктык жол-жоболорду толук автоматташтыруу (фискалдаштыруу) аяктайт, бул салык салуу базасын кеңейтет жана ошого жараша бюджеттин кирешелерин көбөйтөт.

Бул жалпысынан 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн 400 миллиард сомго чейинки көрсөткүчүнө жетишүүгө чоң салым кошот.

Иш төмөндөгүлөр боюнча күчөтүлөт:

- ЕЭК менен жаңы электромобилдерди ташып келүүнү бажы алымдарысыз 2025-жылга чейин узартуу маселесин иштеп чыгуу;

- мамлекеттик автопаркты электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгуу;

- “Региондук экономикалык өнүктүрүү – 2” долбоорунун алкагында Баткен облусунда айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана кичи жана орто бизнестин ишмердүүлүгүн кеңейтүү аркылуу региондук экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү;

  - 2022–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;

- 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

«Ками-Моторс» ААК өндүрүштүк базасында коммерциялык электромобилдерди чыгаруу ишке киргизилет жана «Камаз» ЖАКсы менен бирдикте Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды (газ мотору менен) жана электробустарды чогултуу өндүрүшү уюштурулат.

Ошондой эле, «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКсы Ош шаарындагы текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча индустриалдык парктын аймагында 2022-жылдын биринчи кварталында эки тигүү ишканасын ишке киргизүү боюнча иштер улантылат.

2022-жылдын биринчи кварталында 9 тигүү ишканаларын жана «Silk Way Industrial Park» ЖЧКсында Экспоборборду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Жалпысынан ушул жана башка тиешелүү иш-чаралар 2022-жылга Пландын долбоорунун негизин түздү.

«Биз экономикалык жигердүүлүктү колдоого жана өлкөбүздүн жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган макроэкономикалык саясатты улантабыз. Ишканаларды жана жарандарды колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ата мекендик бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле жаңы «өсүү чекиттерин» издөө боюнча иштер улантылат», - деди министр.

Ал ошондой эле журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу