ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономика министрлеринин кеңешмесинин жыйынтыктары

Новости
25-Февраль 2022-ж.
2133

25-февралда Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин жыйыны өттү. КР Экономика жана соода министри Д.Ж.Амангелдиев төрагалык кылган жыйынга Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары С.В. Митянский, Казакстан Республикасынын улуттук экономика министри А. Куантыров, Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Д.В. Волвач, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри С.Ю. Глазьев катышышты.


Бул жыйын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин кезектеги жыйындарын өткөрүү жөнүндө» буйругун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. 


Жыйында экономика министрлери Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика министри С.Ю. Глазьевдин  “Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги 6-багытындагы буйругу менен бекитилген Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө” маселеси боюнча «Экономиканы өнүктүрүүгө даректүү жардам көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу», анын ичинде биргелешкен өндүрүштүк жана кооперациялык долбоорлорду жарым-жартылай кредиттөө» жөнүндө докладын угушту.


Жолугушууда интеграцияны өнүктүрүүнүн, өндүрүштүн интеграциялык өндүрүш чынжырларын түзүүнүн, интеграциялык инвестициялык долбоорлорду каржылоонун жана өнүктүрүү институттарын түзүүнүн негизги маселелери талкууланды.


Талкуунун жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кеңири пландаштыруу маселелерин жана 2035-жылга чейинки өнүгүүнүн негизги максаттарын кийинки жыйында кароо чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу