Мал союу боюнча кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер жана компаниялар үчүн тренинг өткөрүлдү

Новости
25-Февраль 2022-ж.
2257

2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» кыргыз-герман-швейцариялык программасы менен биргеликте GIZ мал союу боюнча квалификацияны жогорулатуунун алкагында ички рыноктор үчүн тамак-аш азыктарынын коопсуздук талаптары жана Кыргыз Республикасынын экспортун илгерилетүү боюнча мал союу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке ишкерлер жана компаниялар үчүн тренинг өткөрүштү.


Тренингге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышты. АФКнын эксперттери Чынара Серкебаева жана Юлия Марченко, «КР МЭК алдындагы Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Кайырбеков, Продукциянын шайкештигин баалоо департаментинин башкы адиси Сажида Уразбекова, СМБ Ош филиалынын адиси Эшанкулов Шарабидин, Халал сертификаты боюнча эл аралык эксперт Талант Эрназаров,«MAPEF» юридикалык жактар ассоциациясынын директору Асылбек Молдакматов лектор катары чыгып сүйлөштү.


Окуунун жүрүшүндө катышуучулар мал союунун өзгөчөлүктөрү менен таанышты. Мал союу бир жагынан малга гумандуу мамиле жасоону талап кылса, экинчи жагынан технологияны, халал стандартынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керек болгон татаал процедура.


Тренингдин катышуучуларына бул маселе боюнча пикир алмашууга, бардык субьекттердин позициясынан кароого мүмкүнчүлүк берилди. Халал индустриясын өнүктүрүү боюнча министрлик жана кызыкдар жеке секторлор тарабынан көрүлүп жаткан чаралар семинардын катышуучуларынын жогорку кызыгуусун жаратты. Ошондой эле бул жаатта тереңирээк иш алып баруу сунушталды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу