Экономика министрлиги мамлекеттик органдарга электрондук башкарууну киргизүү боюнча стратегиянын долбоорун жалпы талкууга чыгарды.

Новости
05-Февраль 2014-ж.
2402

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-июнундагы №310 “КР Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө” токтомуна ылайык электрондук башкарууну ишке ашыруу боюнча саясатты иштеп чыгууга ыйгарым укуктуу болду.

Министрликте 2013-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин Стратегиянын долбоору боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу жетекчилерине жана алардын өкүлдөрүнө апта сайын отурумдар өткөрүлдү, анда ар бир багыт боюнча блоктор өзүнчө каралып жана талкууланып жатты.
Ушуга байланыштуу министрлик жогоруда айтылган Стратегиянын акыркы долбоорун жалпы талкууга чыгарат.

Сунуштарды жана пикирлерди төмөндөгү электрондук байланыш даректерине жөнөтүүңүздөрдү суранабыз: hodzhaeva.aselya@mail.ru, dassl@mail.ru т.664632.
Стратегиянын долбоору www.mineconom.kg сайтынын “Маанилүү маалыматтар” бөлүгүндө толугу менен жайгаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу