Министр Д.Амангелдиев Баткен облусунда өткөн жыйында ишке ашыруу каралган инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берди

Новости
22-Февраль 2022-ж.
2282

2022-жылдын 22-февралында Баткен облусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын белгиленген тартипте ишке ашыруу боюнча каралган инвестициялык долбоорлор жөнүндө кыскача маалымат берди. 


Министр белгилегендей, Баткен облусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын алкагында 30 ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралган.


Анын ичинде өнөр жай, энергетика, агроөнөр жай тармагында, инфраструктуралык долбоорлордо инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.


Учурда Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан 10 инвестициялык долбоор инвесторлорго сунуштоо жана кийин ишке ашыруу үчүн даярдалды.


Хайдаркан сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттарында өндүрүштү калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул ири өнөр жай объектилери аймактын өнүгүшүнө, калктын иш менен камсыз болушуна чоң салым кошо алат,- деп кошумчалады министр.


Ал ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн активдүү иштөөгө чакырды. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык институттардын активдүү катышуусу зарыл.


Белгилей кетсек, Баткен облусунда долбоорлорду ишке ашырууга жаңыдан түзүлгөн төмөнкү уюмдар көмөк көрсөтө алышат:

- өнөр жайды модернизациялоону жана мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттерди эффективдүү башкарууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн «Кыргызиндустрия» ААК;

- «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК, анын негизги максаттарынын бири эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат; 

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо максатында Туризмди өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду түзүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу