Ысык-Көл облусунда илимий-өндүрүштүк мөмө-жемиш питомнигин түзүү боюнча МЖӨ долбоорунун конкурсунун жеңүүчүсү жөнүндө

Новости
21-Февраль 2022-ж.
2272

МЖӨ долбоору боюнча «Айыл чарба багытындагы 20 га жерге илимий-өндүрүштүк мөмө-жемиш питомниги (сорт сыноо участогу)»айыл чарба кооперативинен «Элеонора плюс» дыйкан чарбасы ачык конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталды.


Бул МЖӨ долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти тарабынан демилгеленген жана жаңы заманбап сортторун сыноодон өткөрүү, агротехнологиялык паркты жана окуу борборун түзүүнү ичине камтыйт, ошондой эле Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин 20 га жерге мөмө-жемиш питомнигинин (алма, алмурут, алча, кара өрүк, карагат) жана мөмө-жемиш бакчасын өстүрүү максатында уюштурулган.


Маалымдама:

Жогорудагы Мыйзамдын талаптарына ылайык, долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуш жана бул долбоор боюнча тендердик документтер даярдалып, анын жыйынтыгында 2021-жылдын 16-декабрында жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендер жарыяланган. 2022-жылдын 17-январында конкурстук комиссия квалификациялык тандоонун жыйынтыгы боюнча (конкурстун биринчи этабы) квалификациялык талаптарга ылайык “Элеанор Плюс” СККХ өтүнмөсүн жактырды.


2022-жылдын 17-февралында конкурстук комиссиянын отуруму болуп, анда комиссия сунуштар менен конверттерди ачты (сынактын экинчи этабы). Ушуга байланыштуу сынактык комиссиянын отурумунун жыйынтыгында “Элеанор Плюс” СККХ конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялоо чечими кабыл алынды.


«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык тендердин жеңүүчүсү менен МЖӨ жөнүндө келишим тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу