Күңүртөөгө уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Новости
18-Февраль 2022-ж.
2473

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору Министрлер кабинети тарабынан төмөнкү максаттарда демилгеленген:

- автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүртөөнү мыйзамдаштыруу (транспорт каражаттарынын ээлери үчүн транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү);

- транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн айдоо үчүн эреже бузуулардын санын азайтуу.

Бул Мыйзам долбоорунда күңүрттөөгө уруксат алуу, алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктала тургандыгы каралган.

Күңүрттөөгө уруксат берүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо үчүн талдоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Бул жумушчу топтун ишинин алкагында транспорт каражатынын маркасын жана чыгарылган жылын чектебестен, жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил автомобилдерден (таксиден) (М-1) категориядагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарына гана уруксат берүү маселеси каралат. 

Ошондой эле Carcheck электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу күңүрттөгө уруксаттын бар-жоктугуна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу сунушталууда, муну менен коомчулук тиешелүү маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн көрсөткөн уруксаттын бар экендигин текшере алат.

Күңүрттөөгө уруксаттын баасы Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.

Күңүртөө иштерин жүргүзүү транспорт каражатынын менчик ээси тарабынан өз алдынча уруксат алгандан кийин же мындай ишти жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, транспорттук каражаттын ээси өзгөргөн учурда уруксатты кайра тариздөөгө жол берилет, мында мөөнөт мурда берилген уруксаттын аракетинин калган мөөнөтүнө узартылат.

Ошону менен бирге, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү башкаруунун тартибине каршы укук бузуулар үчүн автотранспорт салыгын жана айыптарды төлөгөндөн кийин гана уруксат берүү сунушталып жатканын белгилей кетүү керек, бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн кошумча таасир көрсөтүү чарасы катары кызмат кылат. 

Уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы токтомунда көрсөтүлгөн автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин чектелген кароо-күңүрттөөнү (жабууну) талап кылган атайын транспорт каражаттарына жайылтылбайт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу