Ачык конкурс тууралуу жарыя

Новости
18-Февраль 2022-ж.
2565

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

борбордук аппаратынын жана Аймактар аралык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.


Квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

–экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

- иш стажына талаптар коюлбайт;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

- экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

- экономика, юриспруденция, журналистика, техникалык илимдер, мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, бажы иштери, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

- өзүнүн арызы форма боюнча;

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме сүрөтү менен форма боюнча;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынын http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө жайгаштырылды.


Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 28-февралы болуп саналат.


Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 205, 248, 355).


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу