Баткен облусуна болгон иш сапарынын катышуучулары авариялык абалдагы мектептерди кыдырышты

Новости
17-Февраль 2022-ж.
2022

2022-жылдын 17-февралынан 18-февралына чейин Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев башка катышуучулар менен бирге Лейлек районундагы Булак-Башы айылындагы орто мектеби жана чек арада жайгашкан Мырзапатча айылындагы Дыйканбай Жороев атындагы негизги жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен таанышты.


Аталган орто мектептерди текшерүү жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен болгон. Тактап айтканда, КР Экономикалык жана коммерция, каржы министрлигинин жетекчилери реконструкциялоого муктаж авариялык мектептердин абалы менен таанышты, анткени бул мектептердин курулушу орто мөөнөттүү мезгилди талап кылат.


Ошондой эле, Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасында 2022-2023-жылдардын аралыгында курулуш иштерин жүргүзүү жана Булак-Башы айылындагы ичүүчү суу түтүктөрү, 60 га жаңы жерди өздөштүрүү менен Базарбай Арык сугат тармагын куруу, ошондой эле 142 га жерди суу менен камсыздоону көбөйтүү каралган.


Ушул жылдын 18-февралында Баткен облусунун башка экономикалык жактан маанилүү объектилерин кыдыруу пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу