Министр Д.Амангелдиев «Лейлек» ЭЭАнын аймагындагы ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Новости
17-Февраль 2022-ж.
2201

2022-жылдын 17-февралынан 18-февралына чейин КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.


Иш сапардын жүрүшүндө Баткен облусунун активи, анын ичинде райондордун акимдери, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары менен жолугушуулар өткөрүлдү.


Ошондой эле бүгүн министр Баткен жана Лейлек райондорунун экономикасы үчүн маанилүү объектилерин кыдырды.


Тактап айтканда, «Лейлек» ЭЭАга жумушчу иш сапары болуп, анын жүрүшүндө иш сапардын катышуучулары ЭЭАнын аймагында иштеп жаткан ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.


ЭЭА жетекчилиги белгилегендей, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЭЭА субъекттеринин ишмердүүлүгүн баштоо үчүн 5 га аймакты өздөштүрүү боюнча минималдуу талаптарды камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлдү.


Натыйжада ЭЭАнын субъектилери катары катталган 17 компаниянын ичинен бешөө ЭЭАнын аймагында өз ишин баштады. Калгандары күтүүдө.


Ошол эле учурда, отчеттук мезгилде дагы үч компания субъект катары каттоодон өтүүгө арыз берген, алардын бири «БЕШ-ТАШ Групп» ЖЧКсы. Бул ЖЧК жер тилкесин ижарага алып, өндүрүш объектисин куруп баштаган.


Ушул жылдын 18-февралында Баткен облусунун башка экономикалык жактан маанилүү объектилерине баруу пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу