Экономика министрлиги «КР лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жөнү жок деп эсептейт.

Новости
04-Февраль 2014-ж.
2561

2013-жылдын 13-ноябрында «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө кирди. Бул мыйзамдын негизги максаты болуп иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жеке менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашыруу эсептелет.

Бул мыйзам лицензиялоонун конкреттүү принциптерин, лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмегин, операцияларды, лицензиялык контроль процедураларын, лицензияны жана уруксатты берүүнү, токтотуп коюуну жана жокко чыгарууну белгилейт.

Банктык, микрофинансалык иш жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн лицензиялоо маселелери бул мыйзамдан чыгарылган, анткени бул багыттарда лицензиялоонун спецификалык ченемдери бар жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Бул ченем мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн, ал жерде, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген, башкача айтканда «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык.

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренесине ылайык жер казынасын пайдаланууда ушул мыйзам менен жөнгө салынбаган жер, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абааны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Ошондой эле, жогоруда белгиленген мыйзамга ылайык берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугу лицензиялоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбайт.

Ушуга байланыштуу, Министрлик «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жөнү жок деп эсептейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу