Шайкештикти баалоо чөйрөсүндө “жасалма” сертификаттардын жүгүртүүсүнө бөгөт коюу маселелери жөнүндө

Новости
16-Февраль 2022-ж.
2134

2022-жылдын 16-февралында Алматы шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча Жумушчу топтун биринчи отурумунун алкагында бузуулар менен чыгарылган шайкештикти баалоо боюнча документтерди каттоого жана таратууга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар планына кол коюлган..


План шайкештикти баалоо (тастыктоо) боюнча берилген документтер боюнча ыкчам маалыматтык өз ара аракеттенүүгө жана аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрүүгө багытталган.


Тараптар бузуулар менен (тестирлөөсүз) берилген сертификаттар жана декларациялар боюнча маалымат алмашууга макулдашышты.


Мурда шарттар жөнгө салынбаганына карабастан, мындай документтерди жокко чыгаруу чаралары 1 күндүн ичинде көрүлөт.


Кыргыз тараптын атынан документке КР Экономика жана коммерция министринин орун басары  Эльдар Алишеров, Казакстандан – КР МТИ Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитетинин төрагасы Арман Абенов кол койду.


Планды ишке ашыруу «жасалма сертификаттардын» жүгүртүүсүнө каршы күрөштү күчөтүүгө жана белгиленген талаптарга жооп бербеген коркунучтуу продукциянын рынокто пайда болушуна жол бербөөгө жардам берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу