Экономика жана коммерция министрлигинде көп функционалдуу клиника куруу боюнча МЖӨ долбоору талкууланды

Новости
16-Февраль 2022-ж.
2310

2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Ronesans Healthcare Investment Co. Inc., МЖӨ алкагында көп функционалдуу клиниканы куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрдү.


Экономика жана коммерция министри саламаттык сактоо тармагында кызматташуунун артыкчылыктуулугуна басым жасап, Ronesans Healthcare Investment Co компаниясынын чоң тажрыйбасын баса белгиледи. 


Ал ошондой эле бул долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иштердин жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна ишенерин билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар бул долбоордун Кыргыз Республикасы үчүн маанилүүлүгүн талкуулашты, анткени аны ишке ашыруу: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы потенциалын андан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, жарандарга сапаттуу медициналык жардам алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, «медициналык туризмдин» мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн кам көрөт.


Жолугушуулардын жыйынтыгында жогоруда аталган комплексти куруу үчүн потенциалдуу объекттер катары эсептелген Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарына биргелешкен иш сапарлар пландаштырылды.


Маалымдама:

Ronesans Healthcare Investment Co. Inc." Түркиянын саламаттыкты сактоо системасынын негизги МЖӨ инвесторлорунун бири болуп саналатал толугу менен эл аралык Кредиторлор менен иштешетКелишимдик түзүмдөрдү колдонууда көп жылдык тажрыйбасы бар. Долбоорду ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү бере турган эң туура ыкманы колдонуу менен МЖӨнүн салттуу жана татаал структураларын башкара алат.


Акыркы 15 жылдан бери компания Engineering News Record (ENR) журналы тарабынан жарыяланган «Дүйнөдөгү эң ири эл аралык подрядчылардын» тизмесине кирди. ENR 2021 маалыматы боюнча, ал дүйнөдөгү 28-чоң эл аралык подряддык компания жана Европада 9-орунда турат.


Бул компания Түркия Республикасында 5тен ашык ооруканаларды куруп, ийгиликтүү иштетип келет, алардын ичинен эң алдыңкыларынын бири «Чам жана Сакура» көп функционалдуу комплекси. Бул комплекс 789 031 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан. Төрөт үйү, балдар ооруканасы, жалпы оорукана, жүрөк-кан тамыр ооруканасы, неврология жана ортопедия ооруканасы, онкология ооруканасы, психиатриялык оорукана жана ушул сыяктуу 8 ооруканадан турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу