Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Экономика жана коммерция министрлигинин бир катар кызматкерлери сыйланышты

Новости
10-Февраль 2022-ж.
1888

2022-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кожошев Арзыбек экономика жана коммерция министри, коллегия төрагасы Данияр Амангелдиев, коллегия мүчөлөрү, ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, ведомстволордун жана ведомстволук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышуусунда өткөн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2021-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. 


Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев КР социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкондугу үчүн төмөнкү кызматкерлерге алкыш жарыяланды:

-“Кыргызиндустрия” ААК президенти - Ж.О. Абдураимов;


-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына жалпы суммасы 1 млрд юаньга акысыз жардам көрсөтүү жөнүндө эки Макулдашууга кол коюуга даярдык көргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы жардам департаментинин Гранттык жана техникалык жардамды координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси – Б.К. Токторбаева;


-Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин долбоорун иштеп чыгууга жана жайылтууга активдүү катышкандыгы үчүн Данияров Сардарбек Маматалиевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси.


Ошентип, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен евразиялык интеграция идеясын жайылтууга кошкон олуттуу жеке салымы, евразиялык интеграцияны ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышкандыгы үчүн жана Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарын түзгөн актылары үчүн Тайлаков К.Д. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору ЕЭК Ардак грамотасы менен сыйланды.


Ошондой эле Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы жана Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүлөргө ыраазычылык билдирилди:

- Алишеров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;

- Алимжанова Диляна Рустамовна, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялык башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.


Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы,көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн “Экономиканын мыктысы” төш белгиси менен Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институттунун илимий кызматкери Умурзаков Кубат Садыбакасович сыйланды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу