Банкрот иштери боюнча департаменти: «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ААКнын өндүрүшү 2013-жылда 105,7% аткарылган.

Новости
27-Январь 2014-ж.
2615

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаментинин атайын администратору 2013-жылда жасаган иш жыйынтыктоосуна жүргүзгөн талдоосуна ылайык, «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ААКсы төмөнкү жетишкендиктерге жетишти.

172,6 млн. даана көлөмдүк планында 182,4 млн. даана электр лампалары чыгарылган. Ошого байланыштуу, өндүрүү боюнча пландык иши 2013-жылы 105,7% аткарылган.
1232,4 млн. сом товар продукциясынын планында товар продукциясынын туруктуу наркы 1283,3 млн. сомду түзүп, товардык продукция планы 104,1% аткарылды.
Сатып алуучуларга 190,8 млн. даана электр лампалары жөнөтүлүп, өсүү темпи 2012-жылга 110,3% түздү. Экспортко 173,5 млн. даана электр лампалары жөнөтүлүп, өсүү темпи 2012-жылга 110,5% түздү.

2013-жылдын 12 ай аралыгындагы эмгек көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктары төмөндөгүнү көрсөттү:
1 жумушчунун орточо айлык акысы 12143 сомду түзүп, өсүү темпи 2012-жылга 116,5% түздү.
1 жумушчунун эмгек өнүрүмдүүлүгү 487,5 миң сомду түзүп, өсүү темпи 2012-жылга 112,3% түздү.
Продукцияны өндүрүүдө, өнөр жай өндүрүү персоналынын 2633 адамы катышкан.

Электр лампаны иштетип чыгаруу 1 жумушчуга 69,3 миң даананы түзүп, өсүү темпи 2012-жылга 104,5% түздү.
2013-жылдын 12 ай аралыгынын жыйынтыгы боюнча заводдун айлык акы фондусунан 411,6 млн. сом иш кананын жумушчуларына төлөнгөн, бул 2012-жылга салыштырмалуу 68,9 млн. сомго көбүрөөк же өсүү темпи 120,1% түзөт.
Заводдун 2013-жылдын 12 ай ичиндеги өндүрүш чарбалык ишинин көсөткүчтөрү боюнча иш кана 65,9 млн. сомго жакын баланстык пайда, же өсүү темпи 2012-жылга 178,6% түзөөрүн күтүүдө.

Бүгүнкү күндө продукцияны сатуу рынокторун кеңейтүү максатында заводдун техникалык кызматчылары тарабынан жарык диоддуу шам чырактарын иштетип чыгаруу боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө, ошондой эле галогендик лампаларды чыгаруу боюнча дагы чаралар кабыл алынды.

Түзүлгөн планга ылайык, 2013-жыл ичинде негизги цехтеги 132 бирдик технологиялык жабыктарына 7,1 млн. сомго капиталдык ремонт жасалган.
Мындан тышкары, заводдо ремонттоп калыбына келтирүү иштери жасалган, анын ичинде: заводдогу цехтердин чатырлары ремонттолуп, заводдун өндүрүш имаратынын 7922 чарчы метр чатыры жабылган; 2-кабаттын ашкана жайларынын 1⁄2 бөлүгү ремонттолуп көрктөндүрүлгөн; заводдун 4 кабаттуу административдик имаратынын алдынкы фасады ремонттолуп, унаа жана тротуар ички жолдорун көрктөндүрүү иштери жасалган.

Жетишкен жыйынтыктарды изилдеп көрүп, 2014-жылга завод жетекчилерине төмөнкү милдеттер коюлду: 182,2 млн. даана электр лампа чыгаруу; тавар продукциясынын көлөмүн 1338,5 млн. сомго жеткирүү; сатып алуучуларга 180,0 млн. даана санында электр лампаларын жөнөтүү; 250 жумуш күнүн иштөө.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 16-февралындагы чечими менен «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ААКсы банкрот (кудуретсиз) деп табылып, атайын администрациалоо жол-жобосу башталган.

Банкрот иштери боюнча департаментинин 2010-жылдын 6-майындагы №110 буйругуна ылайык атайын администрациалоо жол-жобосун Кочконбаев М. Жүргүзүп жатат.
Атайын администратордун 2012-2013-жыл аралыгында жүргүзгөн талдоосуна ылайык, төмөнкү маалыматтар алынды:
2012-жылы 12 ай аралыгында 171,1 млн. даана көлөмдүк планында 173,5 млн. даана электр лампалары чыгарылып, өндүрүү планы 101,5% аткарылган.
1105,9 млн. сом товар продукциясынын планында көлөмдүү товар продукциясынын туруктуу наркы 1134,1 млн. сомду түзүп, товардык продукция планы 102,6% аткарылды.
Сатып алуучуларга 172,8 млн. даана электр лампалары жөнөтүлүп, өсүү темпи 2011-жылга 101,8% түздү.
Эмгек көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктары төмөнкүлөр:
2012-жыл аралыгында завод жумушчуларынын айлык акылары кечиктирилбестен өз убагында төлөнүп берилген. Ишкананын жумушчуларынын жашоо деңгээлин көтөрүү жана жумушчу кадрларын иштеп калууларын күчөтүү, завод жумушчуларынын материалдык кызыкчылыктарын көтөрүү максатында 2012-жылдын 01-августунда жумушчулардын айлык акысы 20% көтөрүлгөн, бул 1 жумушчунун орточо айлык акысынын жогорулашына алып келди. 1 жумушчунун орточо айлык акысы 10419 сомго чейин көтөрүлүп, өсүү темпи 2011-жылга 115,2% түздү.

2012-жылдын акыркы айларындагы 1 жумушчунун орточо айлык акысынын деңгээли 11500 сомдон 13000 сомго чейин жетти. 1 жумушчунун эмгек өнүрүмдүүлүгү 434,1 миң сомду түзүп, өсүү темпи 2011-жылга 106,6% түздү.
Продукцияны өндүрүүдө, өнөр жай өндүрүү персоналынын 2616 адамы катышкан.

Электр лампаны иштетип чыгаруу 1 жумушчуга 66,3 миң даананы түзүп, өсүү темпи 2011-жылга 102,1% түздү.
Заводдун өндүрүү чарбалык ишинин көрсөткүчтөрү боюнча ишкана 2012-жылын 42,1 млн. сомго пайда тапкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу