Кыргызстандарттын аймактык бөлүмдөрүнүн жумуштарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин жаңы прейскурантынын күчү жөнүндө

Новости
14-Февраль 2022-ж.
2112

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) 2022-жылдын 14-февралынан тартып анын аймактык бөлүмдөрү көрсөткөн жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин жаңы Баа прейскуранты күчүнө кирерин маалымдайт.

Көрсөтүлгөн Прейскурант продукцияны сыноо, сертификациялоо жана метрологиялык кызматтар боюнча иштерди камтыйт.


Кыргызстандарттын аймактык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин жаңы прейскуранты Кыргыз Республикасынын ЭКМнын 2022-жылдын 3-февралындагы «Жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскуранты бекитүү жөнүндө» буйругу жана КР ЭФМнин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 34 “СМБнын аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылуучу жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскуранты бекитүү жөнүндө” буйругу мененкабыл алынган. 


Тарифтердин мурунку прейскуранты мындан 8 жыл мурун кабыл алынган жана “Кыргызстандарт” аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн талдоонун жана учурдагы бааларды жана тарифтерди колдонуунун жыйынтыктары көрсөткөндөй, аймактык бөлүмдөрдүн метрологиялык лабораториялары жана сыноо лабораториялары кызмат көрсөтүүчү аймактарда азыркы шарттар өнүгүүнүн деңгээлин жогорулатууга алып келбейт.


Мындан тышкары, тарифтердин жогорулашынын анча-мынча себептеринин бири болуп өткөн инфляциялык процесстерге байланыштуу жумуштун наркынын жогорулашы (чийки заттын жана колдонулган материалдардын баасынын жогорулашы ж.б.) болгон. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу