Экономикалык жана коммерция министрлигинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегия болуп өттү.

Новости
10-Февраль 2022-ж.
2065

2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин, Экономика жана коммерция министри, коллегиянын төрагасы   Данияр Амангелдиев, коллегия мүчөлөрү, ошондой эле КР Президенттик Аппаратынын, Министрлер Кабинетинин, министрликтеги ведомстволордун жана ведомстволук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Күн тартибинде Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Монополияга каршы органдын, МЖӨ борборунун, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы өкүлчүлүгүнүн абалы жөнүндө, Министрликтин 2021-жылга карата аткаруу тартиби жана 2022-жылга милдеттери маселелер каралды.


Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, өткөн жыл мамлекеттик башкаруунун жаңы системасындагы аткаруу бийлик органдарынын ишинин биринчи жылы болду, бул ишке болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылды. 2021-жылдын ичинде алдыга коюлган милдеттерге ылайык министрлик эки жолу функциялык конфигурациясын өзгөрттү. Бул татаал өткөөл этап болду, анын жүрүшүндө үзгүлтүксүз иштөө үчүн колдо болгон бардык ресурстарды мобилизациялоо керек болчу. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, муну ишке ашыруу мүмкүн болду, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министрликтин жана ведомствого караштуу мекемелердин жалпы жамаатына өз иштерине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.


Өлкөнүн экономикасы КОВИДден кийинки мезгилде өнүгүп жатат, ал ошондой эле дүйнөлүк экономикалык системаны реструктуризациялоонун бардык белгилерине ээ болгон кырдаал катары мүнөздөлөт. Ааламдашуу протекционизм менен алмашып, геосаясий тирешүү күчөп, дүйнөлүк энергетика жана азык-түлүк рынокторунда баалар өсүүдө.


Ошого карабастан ички потенциал экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Алсак, алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 723,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103,6%ды түздү.


Алдын ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомду түздү, 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу кирешелердин өсүшү 53,0 млрд сомду же 139,2%ды түздү.


Кирешелердин өсүшү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун эсебинен жетишилди, бул көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу аркылуу республикалык бюджетке кирешелерди олуттуу түрдө камсыз кылды.


2021-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАК убактылуу тышкы башкарууну киргизген. Компания алтын өндүрүү боюнча ишин улантып, бардык кыйынчылыктарга карабастан өндүрүш процесстеринин туруктуулугун көрсөттү.


Министрлик тарабынан бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, экспортту өнүктүрүү, салык жүгүн азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер экономикадагы оң жылыштарга өбөлгө түздү.


Министрликтин ишинин басымдуу бөлүгүн ченем жаратуучу иштер ээлейт. Отчеттук мезгилде экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө министрлик тарабынан 213 ченемдик укуктук акт иштелип чыккан, анын ичинен 19 мыйзам долбоору жана 93 Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынган. 27 мыйзам долбоору жана министрлер кабинетинин 36 токтому ар кандай деңгээлде каралууда.


Ишкердик чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн 2022-жылга чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу (мораторий) салынган. Ишкерлерди тейлөө борбору ишкерлерге (жеке жана юридикалык жактарга) мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү максатында ишке киргизилген.


Жалпысынан ишканаларды жана жарандарды колдоо, ата мекендик бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле жаңы “өсүү чекиттерин” издөө боюнча иш-чараларды ишке ашыруу улантылат. Инвестициялар экономикалык өсүштү сактоонун маанилүү фактору болуп калат, деди министрдин биринчи орун басары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу