2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программасын иштеп чыгуунун башталышы жөнүндө

Новости
08-Февраль 2022-ж.
2424

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын алкагында белгиленген тапшырмага ылайык, 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программасынын ишин баштады.


Эгерде сиз өндүрүүчү, экспортер же бизнес-ассоциация болсоңуз, https://www.surveymonkey.com/r/2K3T6JJ  сурамжылоосун толтуруп, Программаны түзүүгө жардам бериңиз.


Ошондой эле, эгер сизде экспорт кылган же экспорттоону каалаган досторуңуз болсо, сурамжылоого катышуу үчүн бул шилтемени бөлүшүңүз https://ru.surveymonkey.com/r/2K3T6JJ


Бул сурамжылоо бүтүрүү үчүн болжол менен 3 мүнөт талап кылынат.


Бул сурамжылоонун максаты бизнес-коомчулуктан алынган маалыматтарды чогултуу, орун алган көйгөйлөрдү талдоо, колдоо чараларын аныктоо жана Программанын түзүмүн түзүүдө маалыматтарды пайдалануу болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу