Нарын облусунун аймактарын өнүктүрүү маселелери жөнүндө

Новости
03-Февраль 2022-ж.
2528

2022-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемовдун катышуусунда министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–Нарын облусунун акимдеринин катышуусунда кеңешме болуп өттү. 


Жыйындын жүрүшүндө Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер каралды. Тактап айтканда, 2022-жылы ири экономикалык долбоорлорго 50%, ишкердик долбоорлорду каржылоого 30% жана социалдык долбоорлорго 20% квота боюнча 2022-жылы берүү механизмдери боюнча маселелер талкууланды.


Министрлик бул механизм тез арада иштелип чыгып, аймактарга экономикалык инвестициялык долбоорлорго сынактык тандоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишендирди.


Ошондой эле акимдер аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун жана талдоосун иштеп чыгуу, айыл өкмөттөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чарбалык бөлүмдөрүнүн кадрдык жетишсиздиги боюнча кадрдык институционалдык көйгөйлөрдү айтышты.


Бул факторлор орто мөөнөттүү мезгилге социалдык-экономикалык болжолдорду түзүүгө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленет. Бул маселени комплекстүү чечүү керек.


Мындан тышкары, Ат-Башы жана Кочкор райондорунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы талкууланды. Райондун акимдери инвесторлор менен кызматташууга даяр экендиктерин, ишканалар үчүн бекер өндүрүштүк жер тилкелери бар экенин, облуска инвесторлорду тартуу зарылдыгы боюнча жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилешти.


Жолугушууда ошондой эле малдын санын көбөйтүүнүн маанилүүлүгү, тамак-аш өнөр жай ишканаларын түзүү, лабораторияларды куруу жана продукцияларды сертификациялоонун артыкчылыктуу багыттары, эт азыктарын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо потенциалы белгиленди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу