Уруксат берүү үчүн маалымат порталы иштелип чыкты жана ишке киргизилди

Новости
02-Февраль 2022-ж.
2337

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксаттар жөнүндө толук маалыматты электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында, уруксаттардын маалыматтык порталы иштелип чыгып, ишке киргизилди (http://www.elicense.gov.kg/) .


Бул портал төмөнкү максаттар үчүн түзүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын ишкердик жүргүзүүгө берилген уруксаттарынын толук тизмесин түзүү;

- лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган тутумун түзүү үчүн негиз түзүү;

- бизнестин (колдонуучулардын) убакыт чыгымдарын кыскартуу, актуалдуу маалыматты алуу.


Учурда Экономика жана коммерция министрлиги киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана аныктыгын көзөмөлдөп, Бирдиктүү электрондук реестрдеги маалыматтарды тактоодо.


Бүгүнкү күндө аталган реестрде 160 уруксат тууралуу маалымат бар жана маалымат базасы толукталууда. Мамлекеттик органдар уруксат берүү документтери боюнча толук маалыматты киргизип, аны дайыма жаңыртып турушат.


Кийинки этап – ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча лицензияларды жана уруксаттарды электрондук форматта берүүнү автоматташтырууну киргизүү.


Учурда бул порталда беш уруксат алуу үчүн онлайн арыздын демо версиялары даярдалган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу