КР расмий өнүктүрүү жардамынын эффективдүүлүгүнүн мониторинги.

Новости
24-Январь 2014-ж.
2647

"Mykanbetov"2014-жылдын 23-24-январында № 1 Мамлекеттик резиденцияда КБКнын “Коомдун алдындагы мамлекеттин отчет берүү милдети жана ак ниетүү башкарууда жарандардын катышуусу” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Экинчи күнү конференциянын иши 3 бөлүктө уланды. 2 - бөлүктүн жүрүшүндө “Мамлекеттик бюджетти түзүүдө Коомдук байкоочу кеңештин (КБК) ролу”, КР расмий өнүктүрүү жардамынын эффективдүүлүгүнүн мониторинги маселеси боюнча кошумча докладчы болуп КР Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов чыкты.
Ал белгилегендей эл аралык донордук коом Кыргыз Респуликасына социалдык-экономикалык өнүгүү жолундагы пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө чоң жардам көрсөтөт. Эл аралык донордук уюмдардын ролу абдан чоң, анткени ал жашообуздун дээрлик бардык чөйрөлөрүнө таркаган.

Эгемендүүлүктү алган күндөн тартып биздин өлкөбүз эл аралык финансы институттарынын жардамын алып жана колдонуп келе жатат. Албетте алардын белгилүү бир керектөөлөрү бар, бирок ошол эле убакта аларда эффективдүү колдонуу тууралуу суроо туулбай койбойт. Эл аралык практикада белгилүү болгондой Кыргызстанда да негизги маанилүү инвестициялык долбоорлор мамлекеттик инвестициялык программалар аркылуу каржыланат.

Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) – бул өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган Өкмөттүн кепилдигине алынган тышкы карыздардын көлөмү. Анын алкагында жылына орто эсеп менен 160-180 млн. доллар мамлекеттик инвестицияларга жумшалат, алардын 80% ашыгы сырткы тышкы булактардан каржыланат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2012-жылдын 20-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жобосуна ылайык министрликтин милдетине төмөндөгүлөр кирет:
• Эл аралык финансылык институттар жана донордук уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын милдеттеринин аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүү;
• Мамлекеттик каражаттарга товарларды, жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди ошондой эле эл аралык финансылык институттар жана донордук уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлорду жөнгө салуу жана координациялоо.

Андан сырткары, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө» жана «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, Финансы министрлиги ички жана тышкы карыз каражаттарын тартуу, насыяларды жана кепилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти катары чыгат.

Финансы министрлиги Өкмөттүн мүчөсү катары жогоруда айтылган функциялардын негизинде Расмий өнүктүрүү жардамына (РӨЖ) мониторинг уюштурууга милдеттүү.
Аны менен бирге, мамлекеттик инвестициялык программалар (МИП) алкагында ишке ашкан расмий өнүктүрүү жардамынын (РӨЖ) долбоорлорунун ишке ашуусу боюнча отчеттор ар бир квартал сайын Финансы Министрлигине тапшырылат.

Ошондой эле Финансы Министрлиги донорлор, Экономика Министрлиги жана башка тармактык министрликтер жана ведомстволор менен бирге насыялык портфелдин обзорун жүргүзүшөт. Экономика Министрлиги тышкы түз инвестициялар (ТТИ) жана ошондой эле мамлекеттик инвестициялык программалар(МИП) үчүн өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталган стратегияларга жана программаларга ылайык долбоорлорду пиритизациялоо боюнча иш алып барат.

Ошол эле учурда Өкмөт тарабынан же жарандык сектор тарабынан мониторингден өтпөгөн тышкы жардамдын секторлору бар экенин белгилей кетүү керек.Мисалга алсак, жылына 100 млн. долл. чейинки долбоолор техникалык жардам түрүндө жана Кыргызстанда көрсөтүлгөн эл аралык мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу ишке ашат. Адатынча мындай жардам катары ишке ашкан долбоорлор мамлекеттик инвестициялык программаларда көрсөтүлбөйт.

Анын ичинде СВЕМ долбоору – «Экономикалык башкаруу тармагындагы потенциалды көтөрүү». Бул долбоордун негизги максаты болуп туруктуу экономикалык саясатты иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруунун негизин түзүү жана институционалдаштыруу, ошондой эле саясаттын учурдагы жана жаңы багыттарын, коррупцияга каршы реформалардын потенциалын чыңдоо саналат. Бул долбоордун суммасы – 3.45 млн. АКШ долларын түзөт.Министрлик техникалык жардам линиясы боюнча долбоолор жооптуу отчет беришин жогорулатуу жана өлкөнүн негизги багыттарына туура келтирүү үчүн мамлекеттик инвестициялык программаларына кирүүсүн туура деп эсептейт. Министрлик келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду мониторинг жүргүзүү аркылуу эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн көбүрөөк убактысын жана күч-аракетин жумшамакчы.

Ал эми Фридом Хаус, Ред Кросс, Хабитат Кыргызстан, Мерси Ко (Ырайымдуулук корпусу), АКТЕД – Техникалык кызматташтык жана өнүгүү агенттиги, Борбордук Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү (DCCA), Фонд-Сорос Кыргызстан жана башка ушул сыяктуу эл аралык мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар олуттуу сумманы түзгөнү менен, көпчүлүк учурда аларга жарандык коомдун көңүлү бурулбай калат.

Ошондуктан коомдук демилгелер жана топтор дал ушул чөйрөгө күч-аракетин жумшап, көңүлүн бурушу зарыл деп белгиледи С. Муканбетов.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу