Кыргыз жана азербайжан бизнесинин кызматташуусу үчүн жаңы иштиктүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө

Новости
27-Январь 2022-ж.
2313

2022-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин чоң залында министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен  Азербайжан Республикасынын экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеген делегация менен жумушчу жолугушуу өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун өнүгүшүнүн жогорку потенциалын белгилешти . Ошондой эле мамлекеттер ортосундагы инвестиция жана соода тармагында өз ара аракетти көбөйтүүнү биргелешкен долбоолорду ишке ашыруу жолу менен чечүү маселесин талкуулашты.


Министрдин орун басары К. Абдрахманов өзүнүн куттуктоо сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы   соода жана инвестициялык байланышты өнүктүрүүдө жүргүзүлгөн иштер, ошондой эле кыргыз жана азербайжан бизнесинин кызматташуусу үчүн жаңы иштиктүү мүмкүнчүлүктөрдү түзгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди,  


Азербайджан менен Кыргызстанды жалпы жаркыраган келечекти куруу жана бир тууган элдер менен өз ара аракетти кеңейтүүдогү обьективдүү каалоосу, түрк элдеринин тилдик жалпылыгы жана рухий, маданий, тарыхый жактан шартталган боордоштук жана достуктун бекем түйундөрү бириктирип турат.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар эки тараптуу мамилени андан ары жемиштүү улантуу жылуу-жумшак жолугушканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.


Азербайджан делегациясынын курамы: 

Кайра жаралуучу энергия булагы боюнча агенттигинин директорунун орун басары - Камран Гусейнов, Азербайджан Республикасынын Инвестиция жана Экспортту колдоо агенттигинин (AZPROMO) директору - Юсиф Абдуллаев, первый заместитель директора ООО «Сумгаит Химиялык Өнөр Жай Парк» ООО директорунун орун басары - Назим Талыбов, Азербайджан Республикасынын Кичи жана Орто Бизнести өнүктүрүү Агенттигинин башкармалыгынын төрагасы- Теймур Джафаров, Айыл чарба министрлигине караштуу Агрардык изилдөө борборунун директорунун орун басары - Намиг Шалбузов, AZPROMOнун өкүлдөрү - Хажар Шукурова, Шафига Шыхмаммедова,  «Pasha Construction» компаниясынын коммерциялык менеджери - Саид Гулузаде.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу