Министр Д.Амангелдиев аймактарды өнүктүрүүгө багытталган Бүткүл дүйнөлүк банктын сүйлөшүүлөрүнө катышты

Новости
26-Январь 2022-ж.
2222

2022-жылдын 26-январында  Кыргыз Республикасынан расмий делегациянын жетекчиси, экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев «онлайн» режиминде “Региондорду экономикалык өнүктүрүү – 2” долбоорун ишке ашыруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөргө катышты, ага ошондой эле расмий делегациянын мүчөлөрү: КР финансы министринин орун басары Р. Татиков, КР айыл чарба министринин орун басары А. Мукашев, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев, Баткен, Кадамжай, Исфана шаарларынын мэрлери ж.б.катышты.


Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, акыркы жылдары Кыргыз Республикасы региондорду өнүктүрүүгө чоң маани берет. Долбоор Баткен облусун өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. Бул регионду тандап алуу актуалдуу болуп саналат. 


Бул долбоор региондорду өнүктүрүүгө багытталган  Министрлер кабинетинин саясаты жана улуттук программаларды колдоо болуп саналат. Бул региондорду өнүктүрүүгө багытталып, Бүткүл дүйнөлук банк тарабынан колдоого алынган экинчи долбоор.


Ушундай эле долбоор Ош облусунда да ишке ашырыла баштады. Бул долбоорлордун өзгөчөлүгү алардын татаалдыгында. Долбоор аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү жана түрдүү багыттарын камтыйт. Бул долбоорлор өлкөбүздүн аймактарын өнүктүрүүгө, өзгөчө айыл чарбасын, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга чоң салым кошот,-деди министр.


Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, министр Д.Амангелдиев Дүйнөлүк банктын, АРИСтин жамаатына, ошондой эле бул долбоорду даярдоого түздөн-түз катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.
Экономика жана коммерция министри ошондой эле долбоорду эртерээк ишке киргизүү жана ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ал позитивдүү натыйжаларга жетишүү үчүн бүгүнкү сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна ишенгендигин белгиледи.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр 2 күнгө созулат (2022-жылдын 26-27-январы). Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Региондук экономиканы өнүктүрүү – 2» долбоорун ишке ашырууга 50 миллион АКШ долларын бөлүү боюнча протоколго кол коюлат.
Бул долбоор Баткен облусунун айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана кичи жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн кеңейтүү аркылуу региондордун экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Долбоор 5 компонентти камтыйт:
- муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо;
- агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо;
- Чакан гранттар программасы аркылуу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- күтүлбөгөн кырдаалдарга чара көрүү компоненти (CERC);
- Оперативдүү колдоо.

                                               

Долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар:
- жергиликтүү бизнести колдоо жана жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу, анын ичинде инфраструктураны реабилитациялоого колдоо көрсөтүү үчүн Баткен, Исфана жана Кадамжай шаарларынын борборлорунда негизги муниципалдык инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу;
- ишкердик ишти баштоо жана жүргүзүү потенциалын жогорулатуу жана бизнес-идеяларды ишкердик ишке айландыруу үчүн кошумча финансылык колдоо көрсөтүү;
- айыл чарба активдерин же кызматтарын алган фермерлердин жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн санын көбөйтүү жана жогорку кирешелүү рынокко чыгуу;
- Чакан гранттар программасынын иш-чараларынын натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын санын көбөйтүү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу