КР Экономика министринин Түрк-Америка альянсынын расмий өкүлдөр тобу менен болгон жолугушуусунда Соода-экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Новости
22-Январь 2014-ж.
2443

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев Түрк-Америка альянсынын президенти Фарук Табан жана АКШ Орто - батыш Түрк –америка федерациясынын президенти Сулейман Турхан мырзалар башында турган расмий өкүлдөр тобун кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Т. Сариев эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жолугушуунунун маанилүү экендигин билдирди.

Өз кезегинде КР экономика министри жеке кабыл алгандыгы үчүн Ф. Табан мырза өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Түрк-Америка альянсынын иши жөнүндө кыскача маалымдап өттү. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында болжолдуу түрдө үстүбүздөгү жылдын апрелинде конгрессмендердин, губернаторлордун жана башка СШАнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыл сайын боло турган II –Кыргыз-Америка форумун өткөрүү боюнча бирдиктүү долбоор жөнүндө да айтып өттү.

Мындан сырткары, ал 2013-жылдын 20-ноябрында Түрк-Америка альянсынын, Орто – батыш Түрк – америка федерациясынын жана Батыш – америка – түрк кеңешинин, АКШдагы КР элчилигинин жана КР Жаш ишкерлер ассоциациясынын колдоосу менен жыл сайын өткөрүлүүчү биринчи бизнес-форум өткөрүлгөнүн белгиледи.

Бул форумда 250 жакын адам катышты, анын ичинде АКШдан 15 өкүл, 1 сенатор, 3 элчи жана АКШнын ар кандай федералдык өкмөттүк агентстволорунун өкүлдөрү да катышышты.

Министр Т.Сариев, ушул сыяктуу форумдар мамлекет аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эл аралык байланышты бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп белгилеп, II - Кыргыз-америка форумун жыл сайын өткөрүүнү колдоду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу