Экономкомминистрлиги ККМ жана патенттердин талаш маселелерин кароо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө

Новости
24-Январь 2022-ж.
2375

2022-жылдын 24-якварында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары-ККМ) орнотууга каршы болгон Бишкек, Токмок жана Кант шаарларынын жеке ишкерлери жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө министр түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле Министрлер кабинетине сунуштарды киргизүү максатында ККМ жана патенттерди киргизүүдө талаш маселелерди кароо боюнча Жумушчу тобун түзүү керектигин белгиледи.


Электрондук системаны киргизүү алкагында азыркы учурда этап-этабы менен контролдук-кассалык машиналар киргизүү оң болот.


2020-жылдын 24-июнунда КР Өкмөтүнүн “Салык процедураларын фискализациялоодо электрондук системаны киргизуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому кабыл алынып, ККМ субьектилерине колдонуу жана өтүү графиги бекитилген.  


2021-жылдын 5-майында КР Салык кодексинин (мындан ары – КР СК) жаңы редакциясы иштелип чыккан.


Ишкерлерди колдоо максатында, алардын ишин андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн, КР СК жаңы редакциясы боюнча контролдук-кассалык машинаны колдонгон жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки чакан ишкерликтин субьектилери үчүн бирдиктүү салык негизинде салык салуунун жөнөкөйлүтүлгөн системасы боюнча 0% ставкасы каралган. 


Ошентип, ККМди колдонуу – КР Өкмөтүнүн токтомунун талабы жана КР СК жаңы редакциясынан бөлөкчө иш алып барат. Негизинен бул эки башка документ, алардын талаптары бири-бирине көз каранды эмес.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу