Минэкономкоммерцияда ички рыноктун керектөөлөрүн товарлар менен камсыздоо маселелерин талкуулашты

Новости
07-Январь 2022-ж.
2262

2021-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы астында ички рынок керектөөлөрүн товарлар менен камсыздоо маселеси боюнча мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү.


Мамлекеттик органдар жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен кеңешменин жүрүшүндө эки айдан ашык убакытка ички рыноктун керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жетээрлик негизги азык-түлүк товарларынын (ун, кумшекер, өсүмдүк майы ж.б.) жана КММ (ГСМ) запастары кампаларда бар экендиги белгиленди.


Белгилеп кетчү жагдай, бүгүнкү күндө Казахстан Респуликасынын аймагы боюнча башка өлкөлөрдөн автомобиль жана темир жол транспорттору менен ташылып келген товарлардын транзиттик жеткирүүлөрүнүн токтоп кармалып калуусу байкалбайт.   


Азыркы учурда “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” көзөмөлдөп-өткөрмө жайлары толугу менен иштеп жатат. “Ак-Тилек” көзөмөлдөп-өткөрүүчү жайында коммуникациялык түйүндөрдүн техникалык проблемаларына байланыштуу жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Аларды четтетүү жакынкы арада күтүлүүдө.


Ошону менен бирге, биринчи керектөөдөгү товарларга баанын тез өсүшүнө жол бербөө максатында министр Д.Амангелдиев бизнес тарабынан да социалдык жактан багытталган баа саясатын сактоо зарылчылыгын белгиледи. 


Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына күн сайын базардагы кырдаалга көз салуу тапшырмасы берилди. Эгерде баанын аномалдуу тез өсүүсү байкалса, Минэкономкоммерция социалдык жактан маанилүү тамак-аш азыктарына болгон бааны мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзө алат. 


















Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу