Экономика министрлигинин статс-катчысы Германиянын Берлин шаарында жүрүп жаткан “Жашыл апта - 2014” эл аралык жарманке-көргөзмөгө кыргыз өкүлдөр тобунун курамында катышты.

Новости
16-Январь 2014-ж.
2407

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова 2014-жылдын 16-19-январында Германиянын Берлин шаарында жүрүп жаткан “Жашыл апта - 2014” эл аралык жарманке-көргөзмөсүндө Кыргыз өкүлдөр тобунун курамында катышып жатат.

16-январда “Жашыл апта - 2014” эл аралык көргөзмөдө Кыргыз стендин ачуу аземи болуп өттү. Бул иш – чаранын маанилүүлүгүн белгилөө менен бирге, Экономика министрлигинин статс-катчысы “айыл чарба Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүүгө жана жашыл экономикага өтүүнүн түркүктөрүнүн бири болот” - деп белгилей кетти. Ошону менен бирге экологиялык жактан таза жана органикалык продукцияны өндүрүүгө дараметинин бар болгондугу жана дүйнөдө бул продукцияларга суроо-талаптарынын жогорулашы жөнүндө өзгөчө белгилеп өттү.

Мындан сырткары, А.Курманова кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясы жыл сайын жакшырып, дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жарамдуу болуп жаткандыгын жана ушул сыяктуу кыргыз айыл чарба продукциясын гана эмес бүтүндөй Кыргызстанды көбүрөөк тааныта турган иш-чараларга катышуу маанилүү экендигин айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу