Малайзиядан келген делегациянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын региондорунда халал-эт паркын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн аныктоодо

Новости
01-Декабрь 2021-ж.
5841

2021-жылдын 30-ноябрында КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Кыргыз Республикасында эт халал паркы үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоодо Кыргыз Республикасы, Ислам Өнүктүрүү Банкы менен жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы Техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашуунун” алкагында Малайзиядан келген эксперттердин делегациясы Кыргызстандын бир катар уюмдарына барышты.


Атап айтканда, делегация “Торо” мал союучу жайынын өндүрүш процесси, “Тойбосс” эт өндүрүү линиясы менен таанышты.


Кыргыз Улуттук агрардык университетинин жана Кыргызстан Ислам университетинин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү боюнча брифингдер өткөрүлдү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу