Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк банктын кеңсесинин өкүлү менен жолугушууда Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүү долбоорунун II фазасын талкуулады

Новости
25-Ноябрь 2021-ж.
4489

2021-жылдын 25-ноябрында КР Экономика жана коммерция министрлигинде Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүү долбоорун (РЭӨД - 2) талкуулоо алкагында министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов Дүйнөлүк банктын кеңсесинин (Вашингтон, АКШ) өкүлү Мелисса Браун айым менен жолукту.


Белгилүү болгондой, “Региондук экономикалык өнүгүү” ДБ пландаштырылган долбоорунун алкагында долбоордун I фазасына окшош иш-чараларды өткөрүү болжолдонууда, атап айтканда, тандалып алынган кластерлердин алкагында чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүшүн жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле санитардык жана фитосанитардык стандарттарды жана тамак-аш азыктарынын сапатын сактоо боюнча инвестицияларды каржылоо максатында айрым агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү, алар мамлекеттик органдардын лабораториялык потенциалына жана сертификациясына инвестицияларды камтыйт.


Дүйнөлүк банктын бул долбоорунун ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл жана 50 млн. АКШ долл. каралган.


Долбоор иштин төмөнкү 6 компонентин камтыйт:

- Аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында пландаштыруу;

- Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо;

- Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо;

- ЧОБны колдоо үчүн чакан гранттар программасы;

- Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү;

- Долбоорду ишке ашырууну колдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо.


Жолугушуунун жыйынтыгында М.Браун айым Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун региондук өнүктүрүүнү жакшыртуу максатында биргелешкен жемиштүү иштерге ишенимин билдирди.


Министрдин биринчи орун басары С.Урустемов бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна багытталган активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу