Сапат боюнча КР сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин жыйынынын жыйынтыгы тууралуу

Новости
25-Ноябрь 2021-ж.
4787

2021-жылдын 25-ноябрында Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангельдиевдин - Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, ошондой эле эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңештин жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. 

Министр сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү, ата мекендик продукцияны чыгарууга дем берүү, өндүрүштүн заманбап жана эффективдүү ыкмаларын колдонуу максатында жыл сайын Министрлер Кабинети тарабынан Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгы уюштуруларын билдирди.


2020-жылы Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңешинин чечими менен төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктарды изденип алууга сынак жарыяланган:

- Эт жана эт продуктуларын өндүрүү боюнча ишканалар;

- Өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий-изилдөө мекемелери;

- Үрөнчүлүк чарбалар;

- Асыл тукум малды көбөйтүү боюнча чарбалар;


Эксперттик комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сапат боюнча сыйлыктарды алууга талапкерлердин өтүнмөлөрү каралды, белгиленген критерийлер боюнча өндүрүштү талдоо жана баалоо жүргүзүлдү. Иштин жыйынтыгында аныкталган талаптарга ылайык келген ишканалар жана уюмдар тандалып алынды.


Ошондой эле, конкурстун төмөнкү катышуучуларын лауреаттар жана дипломанттар наамдарына көрсөтүү боюнча эксперттик комиссиянын сунуштары каралып, жактырылды:


Лауреат наамына:

- Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишкана “Адал Азык” жоопкерчилиги чектелген коому, “Тойбосс” СМ (Чүй облусу).

- “АПК Эл Дан Аталык” жоопкерчилиги чектелген коому үрөнчүлүк чарбасы (Чүй облусу).

- Асыл тукум малды өстүрүү боюнча чарба - “Чабрец” дыйкан чарбасы (Чүй облусу).

- Өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды жайылтуу үчүн - “Табигый-Таш” Республикалык илимий-изилдөө борбору (Ош ш.).


Дипломанттар наамына:

- “Заря” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи (Ысык-Көл облусу);

- “Элдияр” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы (Ысык-Көл облусу);

- Айыл чарба “Ноокат үрөнчүлүк картошка өндүрүүчүлөр кооперативи” (Ош облусу);

- “Рейна-Кенч” асыл тукум мал багуу боюнча дыйкан чарба (Ысык-Көл облусу);

Алтын – Жүн асыл-тукум чарбасы (Талас облусу);

Бермет дыйкан чарбасы жоопкерчилиги чектелген коому (Чүй облусу);

- КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору (Бишкек ш.);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту (Бишкек ш.).


Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн төмөндөгү уюмдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлансын:


- Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишкана Салих ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коому (Бишкек ш.).

Беш-Кадам Агросервис Айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи (Талас облусу).

Абакир асыл-тукум чарбасы (Ысык-Көл облусу).


Сынакты өткөрүүгө активдүү катышкандыгы жана салымы үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлансын:

- Аксупова Айгүл Мырзабековна, КР МЭК алдындагы СМБнын Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноо лабораториясынын башчысы;

- Норузбаева Гүлсыйнат Буланбековна, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарынын банк-лабораториясынын башчысы;

- Волкова Елена Валерьевна, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин Москва райондук экспертизалык борборунун башчысы;

- Кыдырмаев Адашбек Кыдырмаевич, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институтунун бодо мал чарбасы жана асыл тукум иштери бөлүмүнүн башчысы;

- Эликбаев Канатбек Токтобаевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина куруу жана автоматика институтунун таш-кен комплекстеринин лабораториясынын башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө кошумча докладчылар: 2020-2021-ж.ж. Сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын изденип алуу үчүн конкурсанттарды баалоо боюнча эксперттик комиссиянын топчолорунун жетекчилери чыгып сүйлөштү.


Жыйындын жыйынтыгында 2022-2023-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин иш планы бекитилди. Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыктары үчүн сынакты эки жылда бир өткөрүү чечими кабыл алынды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу