КР Экономика жана коммерция министрлигинде жеңил өнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
24-Ноябрь 2021-ж.
4655

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басарлары Жарасул Абдураимов жана Эльдар Алишеровдун катышуусунда Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин вице-министри Марат Карабаев баштаган Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууда тараптар жеңил өнөр жай тармагында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. 


Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапиль Жошыбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жеңил өнөр жайын өнүктүрүү Казакстандын экономикасынын келечектүү тармактарынын бири болуп саналат. Учурда Кыргызстанда жеңил өнөр жай активдүү өнүгүп жатат.


Атап айтканда, Казакстандын делегациясы Кыргызстанда текстиль жана трикотаж кластерин түзүү боюнча тажрыйба, шарттарды изилдөө үчүн келген.


Буга байланыштуу министрдин орун басары Ж.Абдураимов Кыргыз Республикасынын маанилүү жана приоритеттүү тармактарынын бири болгон жеңил өнөр жайынын абалы тууралуу маалымат берди. Ата-мекендик тигүү буюмдарынын 90% га жакыны Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттолууда.


Кыргыз Республикасында текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн жеке ишкерлери үчүн жеңилдетилген салык режими түзүлүп, алардын бардыгы патенттик негизде иштешет.


Учурда Жогорку Кеңеште Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору каралууда, анда текстиль жана тигүү ишканалары үчүн жүгүртүүдөн 0,25% өлчөмүндө алгылыктуу бирдиктүү салык да каралган.


Тигүү жана текстиль тармагында 50 жана андан ашык жумушчусу бар өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 12%га чейин төмөндөтүлдү.


Ушул жылдын башынан тартып Россия Федерациясына экспорттоодо жеңил өнөр жай товарларын маркалоону колдонуу боюнча чаралар жигердүү жүргүзүлүп жатат.


Кыргызстанда либералдык инвестициялык режим түзүлдү, ал инвесторлорго экономиканын дээрлик бардык тармактарына кирүүгө мүмкүндүк берет. Учурдагы кырдаал чарбалык иштин бардык тармактарында өзүнүн оңдоп-түзөөлөрүн киргизди жана тармакты калыбына келтирүү жана мурда жетишилген ийгиликтерди чыңдоо боюнча көп иштерди жасоо керек, - деп билдирди министрдин орун басары.


Министрдин орун басары Э.Алишеров бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай товарларын Казакстан Республикасы аркылуу Россия Федерациясына транзиттик түрдө экспорттоодо көйгөйлөр бар экендигин белгилеп, эки өлкөнүн чек ара аймактарында соода-логистикалык борборлорду түзүүнү сунуштады.


Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министринин орун басары М.Карабаев текстиль-тигүү өндүрүшү тармагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү сунуштап, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштардын кооперациясын куруу зарылдыгын айтты.


Кыргыз Республикасы үчүн республиканын аймагында пахта буласын кайра иштетүүнү тереңдетүү үчүн чет элдик инвесторлорду тартуу кызыгууну жаратат, анткени даяр продукция: пахта кездемелери жана жип ЕАЭБ өлкөлөрүндө чоң суроо-талапка ээ.


Жалпысынан Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү жана эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын улантууну белгилешти. Ошондой эле бул жолугушуу мындан аркы кызматташуу үчүн өз ара пайдалуу шарттарга жетишүүгө жардам берет деген ишенимин билдиришти.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу