Бишкек шаарында ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Новости
24-Ноябрь 2021-ж.
4743

2021-жылдын 24-ноябрында Парк отелде бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик контролдоочу органдардын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан DAI долбоорунун Инновациялык саясатты колдоо программасы (PIF)) менен биргеликте уюштурулган “Бизнес кантип текшерилиши керек” тегерек стол болуп өттү.


КР МЭК ЖСТТ иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Искендер Нурбеков белгилегендей, жеке менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо, ошондой эле республиканын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча жарлыктарды аткарууда Улуу Британиянын Өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен министрлик тарабынан “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

- мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан биргелешкен тартипте пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнү; 

- мамлекеттик контролдоочу органдардын ишине баа берүүнү киргизүүнү камсыз кылууну; 

- мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан калкка жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн алдын алууга багытталган атайын иш-чараларынын механизмин киргизүүнү.


Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча эл аралык тажрыйбанын презентациясы болуп, аны Литвадан келген эл аралык консультант Гиедриус Кадзиаускас сунуштады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу