Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент кабыл алынды.

Новости
17-Январь 2014-ж.
2438

КР Экономика министрлиги маалымдайт, 2014-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №26 токтому менен “Жаңы жемиштердин жана жашылчалардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” кабыл алынды.

Бул техникалык регламент төмөндөгүдөй максаттарды көздөйт, алар: адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, айлана - чөйрөнү коргоо, керектөөчүлөрдү адаштырган аракеттерди алдын алуу жана жаңы жемиштер менен жашылчаларга милдеттүү талаптарды алардын өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатуу процесстерин белгилөө.

Ушул техникалык регламенттин иш аракети жаңы жемиштер менен жашылчалар коопсуздугу чөйрөсүндөгү иштеп жаткан ченемдик укуктук базаны ирээтке келтирүүгө багытталган. Продукцияга болгон талаптар жалпы кабыл алынган дүйнөлүк практика менен шайкеш келтирилген жана ата-мекендик продукцияны сырткы рынокто илгерилетүүгө жана анын атаандаштыгын жогорулатууга өбөк түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу