2013-жылы эл аралык рейтингдерде КР алдыга жылды.

Новости
09-Январь 2014-ж.
2411

Экономика министрлиги, 2013-жылдын отчетуна ылайык Кыргыз Республикасынын ишкердик чөйрөнү баалоочу эл аралык рейтингдерде орду жакшыргандыгын маалымдайт. Булардын ичинен эң кадырлуусу Дүйнөлүк банктын Бизнес жүргүзүүнүн жеңил индекси жана Дүйнөлүк экономикалык форумдун Глобалдык атаандаштыктын индекси саналат.

Дүйнөлүк банктын Бизнес жүргүзүүнүн жеңил индекси боюнча мамлекеттин рейтинги эки орунга 70-орундан 68-орунга жылды. Мамлекеттин көрсөткүчтөрү негизинен бизнес ачуу, эл аралык соода жүргүзүү жана кудуретсиздик чөйрөсүндө мыйзамды либералдоо үчүн жол – жоболорун жөнөкөйлөтүү тармактарында Экономика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформалардан жогорулады.
Изилдөөлөргө ылайык, бизнес ачуунун жөнкөйлүгү боюнча Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндө 12- орунду ээледи.

Насыя алуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана насыя маалыматтары менен алмашуу эффективдүүлүгүн баалаган “Насыялоо” көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүндө 13- орунга татыктуу болду.

“Бизнес жүргүзүү” (Doing Business) – глобалдык изилдөө жана анын бизнес жүргүзүүгө ылайыктуу шарттарды түзүү көрсөткүчү боюнча дүйнөнүн мамлекеттеринин рейтингин алып барат.

Глобалдык атаандаштыктын индекси боюнча Кыргыз Республикасы 6 позицияга көтөрүлдү, 127-орундан 121-орунга чейин. Бул рейтингде мамлекеттин көрсөткүчтөрүнүн жогорулашы макроэкономикалык чөйрөнү туруктаждырууда, мамлекеттик мекемелерди оптималдаштырууда жана бар болгон автомобилдик жолдорду реабилитациялоодо жана жаңыларын куруу жолу менен инфраструктуранын сапатын жогорулатууда жүргүзүлүп жаткан реформалардын эсебинен болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу