Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилине Кыргызтесттин талаптарына ылайык окутуу курсун баштады

Новости
19-Октябрь 2021-ж.
5402

КР Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Окуу-маалыматтык жана котормо борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун базасында 2021-жылдын 12-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлерин “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилине Кыргызтесттин талаптарына ылайык окутуу” курсун баштады. 

Бул окуу курсу 2021-жылдын 12-октябрынан 22-октябрына чейин окутулат.

Окуу курсунун максаты Мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматкерлерге деңгээлге ылайыктуу үйрөтүү жана тил саясатын, анын келечектеги өнүгүү максаттарын кенен түшүндүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө өтүүчү Кыргызтестти тапшырууга даярдоого арналган. 

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кыргыз тилине Кыргызтесттин талаптарына ылайык окутуу” курсу КР Экономика жана финансы министрлигинде жана анын курамындагы Бажы кызматында, Салык кызматында, Монополияга каршы агенттигинде окутулууда. 

КР ЭФМ Окуу борборунун базасында бул сабакты Асанбекова Н. жана Искакова Э. окутуп жатышат. 

Мамлекеттик тилдеги документтерди сабаттуу түзүү, ишкердик сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды, диалогдорду талапка ылайыктуу жүргүзүүчү билимдерин жогорулатууга жана жөндөмдөрдү үйрөнүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен жалпы 75 кызматкер катышууда. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу